Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:34

Порошенко: Крым Орусиянын канаттуу ракеталарынын базасына айланды


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Бул тууралуу украин президенти Петро Порошенко бүгүн, 7-ноябрда Киевдеги эл аралык конференцияда билдирди.

“Оккупацияланган Крым Орусиянын канаттуу ракеталары үчүн база болуп калды. Андан ары алар каякка барат? Украинага элеби же Сирияга же Орусиянын таасир зонасын, көзөмөл зонасын чийиш үчүн Жер ортолук деңизинин өлкөлөрүнө учабы?”- деп суроо салды Порошенко конференциядагы сөзүндө. Ал ошондой эле Азов деңизиндеги кырдаалга да токтолду.

- Азов деңизи такай тынчтыктын символу болгон. Жаңжал үчүн эч кандай жүйө жок эле. Азыр Азов деңизинен Орусиянын аскердик кемелери тынбай каттап, Украинанын деңиз порттору системалуу түрдө блокадаланып жатат. Алар Мариуполь жана Бердянск портторунун ишин, Украинанын кара металлургиясынын экспортун токтотууга аракеттенип жатышат, - деди Порошенко.

Украин президентинин соңку билдирүүлөрүнө Орусия тарап азырынча комментарий бере элек. Өткөн айда Москваны Азов деңизин милитаризациялап жатканы үчүн Европа парламенти да атайын резолюциясында айыптаган.

Өз резолюциясында Европа парламенти Орусиянын Азов деңизиндеги аракеттерин “иш жүзүндөгү блокада”, Украинанын “эгемендигин”, “эл аралык деңиз укугун” бузуу катары мүнөздөгөн.

2014-жылы аннексияланган Крымды өлкөнүн калган бөлүгү менен кургактан туташтырган Керч көпүрөсүнүн курулушу быйыл майда аяктаган. Ошондон кийин Орусия өз кемелерин, анын ичинде Каспий флотунун аскердик кемелерин Азов деңизине коопсуздук жүйөсү менен жылдырган.

Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий Европарламенттин резолюциясын “баштан-аяк жалган” деп атаган. (UE)

XS
SM
MD
LG