Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Трамп Конгресске шайлоонун жыйынтыгын “жеңиш” деп баалады


Дональд Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында. 7-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында. 7-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын президенти атаандаш демократтар анын Республикалык партиясын артка таштап, Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөлдү колго алганына карабай, 6-ноябрдагы шайлоодо “жеңишке жеткенин” жарыялады.

Трамптын 7-ноябрдагы сөздөрүнө караганда, республикачылар бул шайлоодо “тарыхка чакырык” таштай алышты.

6-ноябрдагы шайлоо америкалыктар үчүн Трамптын президенттиги боюнча референдум катары да каралган эле.

Ак үйдөгү басма сөз жыйынында Трамп республикачылар Өкүлдөр палатасы үчүн жарышта утулуп калганы үчүн медианы айыптап, кабарчылардын ага карата мамилесин “кастык” деп да мүнөздөдү.

Трамп ошондой эле республикачылар менен демократтарды жаңы Конгрессте мыйзамдарды кабыл алуу үчүн кызматташтыкка чакырды.

Ушул сааттарга карата Демократиялык партия 435 орундуу Өкүлдөр палатасынан кеминде 220 орунду, Республикалык партия 193 орун алганы анык болду, 22 мандаттын ээси азырынча так билине элек.

Ал эми Конгресстин жогорку палатасы - Сенатта Республикалык партия буга чейинки көпчүлүгүн сактап, 52 орунга ээлик кылат. Буга чейин аларга 51 орун таандык болгон.

6-ноябрда 435 орундуу Өкүлдөр палатасы толугу менен, ал эми Сенаттын үчтөн бири же 35 мүчөсү кайра шайланды.

Маалыматтарга караганда, Өкүлдөр палатасына АКШнын тарыхындагы эң көп аял өттү. Алар кеминде 85 орунду жеңип алышты.

“Associated Press” агенттиги кабарлагандай, Миннесота штатынан Илхан Омар жана Мичиган штатынан Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында ага шайланган алгачкы мусулман аялдар болуп калышты.

Ал эми Нью-Йорктон 29 жаштагы Александра Окасио Кортес (Alexandria Ocasio-Cortez) АКШнын тарыхында Конгресске өткөн эң жаш аял болду.

6-ноябрда АКШ жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду, штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашты. (UE)

XS
SM
MD
LG