Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

"Пайгамбарга акарат келтирген" деп айыпталган христиан аял түрмөдөн чыкты


Асия Биби.
Асия Биби.

Пакистанда "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деп айыпталган христиан аял Асия Биби түрмөдөн чыкканын адвокат Сайфул Мулоок жана Европарламенттин президенти Антонио Таяни ырастады.

Маалыматка караганда, Асия Биби өткөн аптада абактан чыгып, коопсуз жайга жеткирилген. 7-ноябрда Таяни Бибини актап, бошоткону үчүн расмий Исламабадга ыраазылык билдирди.

BBCге адвокат Сайфул Мулоок Асия Биби үй-бүлөсү менен Пакистандан чыгып кеткенин, бирок алардын кайда экенин билбей турганын айткан.

Христианчылыктын католик багытын карманган беш баланын энеси, 54 жаштагы Биби 2009-жылы июнда "пайгамбарга шек келтирди" деген айып менен камакка алынып, бир жылдан кийин өлүм жазасына кесилген. Сегиз жылдан кийин гана анын иши кайра каралып, 31-октябрда Пакистандын Жогорку соту аны актаган чечим чыгарган. Буга каршы ашынган исламчылар нааразылык акцияларын уюштуруп, сотторду жана христиан аялдын укугун коргогон адвокатты жазалоого чакырышкан.

Адвокат ноябрдан башында өлкөдөн чыгып кетти. Асия Бибинин күйөөсү да буга чейин коопсуздуктан улам үй-бүлөсүнө Батыштан башпаанек сураган.

XS
SM
MD
LG