Бүгүн, 8-ноябрдан тартып Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы визасыз каттам боюнча өкмөт аралык келишим күчүнө кирет.
Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, мындан ары эки өлкөнүн жарандары бири-бирине 90 күндүк мөөнөттө визасыз каттай алат.
Учурда Кыргызстан менен 27 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке барыш үчүн алдын-ала виза алуу талап кылынат.