Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:43

Окуучулар "Эко лагерде" таштандыны кайра иштетүү жолдорун үйрөнүүдө


Мектеп окуучулары таштандыларды бөлүүнү үйрөнүүдө.

Аламүдүн районунундагы Байтик, Арчалык айылдарынын мектеп окуучулары 6-9-ноябрда "Эко лагерге" катышат. Лагерде аларга климаттын өзгөрүүсү, сууну үнөмдөп колдонуу, үйдү туура жылуулоо боюнча лекциялар окулат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Чинара Султаналиева "Азаттыкка" кабарлады.

Бүгүн мектеп окуучулары шаардагы таштанды төгүлчү жерге барып, таштандыларды сорттогонду, аны кайра иштетүүнүн жолдорун үйрөнүп, кайра иштетилген өндүрүм менен таанышат.

Долбоордун алкагында беш мектептин 30 мугалими экология маселелери тууралуу окуучуларга кандай сабак өтүш керек экенин үйрөнүшкөн. Долбоор Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган.

Буга чейин 27-октябрда дыйкандар үчүн "Экофармест" фестивалы уюштурулган. Анда жергиликтүү дыйкандар органикалык жол менен өстүрүлгөн айыл чарба өндүрүмүн сатууга мүмкүнчүлүк алышкан. (KR)

XS
SM
MD
LG