Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Чек арадан өтүүгө аракеттенген кыргызстандык жасалма паспорт менен кармалды


Кыргыз Республикасынын паспорту.
Кыргыз Республикасынын паспорту.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы "Чечме-автодорожный" өткөрмө бекетинде жасалма паспорт менен чек арадан чыгууга аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

1959-жылкы Кыргызстандын жараны Өзбекстандагы Сох анклавына кирүүнү көздөп, Кыргыз Республикасынын паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документтен күмөн санап, кийин текшерүүнүн натыйжасында ал паспорт толугу менен жасалма экени аныкталган. Сурак учурунда кармалган жаран өзүнүн паспортун жоготуп алганын жана башка республиканын аймагына кириш үчүн жасалма паспортту колдонгонун мойнуна алган. Кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө жеткирилген.

Кыргызстанда акыркы беш жылда паспорттордун мыйзамсыз берилиши жана жасалма паспорттор боюнча укук коргоо органдары 405 кылмыш ишин козгошту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык булардын ичинен 186 иш тергелип бүтүп, сотко өткөн.

Ал эми 39 иш мыйзамда жазылган жүйөлөрдүн негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Калганы токтотулганы жана тергөөдө экени белгилүү болду. Башкы көзөмөл органы кылмыш иштери кайсы негизде токтотулганы тууралуу так маалымат берген жок.

Буга чейин Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга берилген жана жасалма паспортторго байланышкан бир нече факты ачыкка чыккан. (KR)

XS
SM
MD
LG