Бишкек-Ош жолунда жааган кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен, бирок тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан, жолдо тыгын жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз өкүлү Элмира Шерипова кабарлады:
- Учурда эч кандай чектөө жок. Бишкек-Ош автоунаа жолу ачык. Кээ бир жерлерде кар жаап, жол тайгалак болуп жатат. Жолго чыккандарга биз кышкы дөңгөлөктөрдү тагууга жана жылуу кийинип өтүүгө кеңеш бергенбиз. Эгер кандайдыр бир себептен тыгын пайда боло турган болсо, Сосновкада жылынуу пункту иштейт.
Адистердин айтымында, Бишкек-Ош автоунаа жолу аркылуу сапарга чыгып жаткандар жанында жылуу кийим, атайын дөңгөлөктүн чынжырын жана кол күрөк алып жүргөнү оң.
Транспорт министрлиги Төө-Ашуудагы абалды түз ободо smotri.kg сайтынан да көрүүгө болорун эскертет.
Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн бүркөк болуп, жаан карга айланышы ыктымал. (KR)