Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Москва менен Бээжин АКШнын санкциялары аларды жакындатканын билдиришти


Дмитрий Медведев (солдо) менен Ли Кэцян.
Дмитрий Медведев (солдо) менен Ли Кэцян.

Орусия менен Кытайдын премьер-министрлери Дмитрий Медведев менен Ли Кэцян АКШнын санкция салышын жана салыктарды көтөрүшүн сындашты. Алардын айтымында, Вашингтондун бул аракеттери Москва менен Бээжинди мурдагыдан да жакындаткан.

Орусиянын өкмөт башчысынын 7-ноябрда Бээжиндеги сапары учурунда айтканына караганда, "АКШ дүйнөлүк соодада ролун жогорулатып, саясий маселелерди чечиш үчүн санкцияларды тескери максатта пайдаланып жатат".

"Вашингтон Иран менен Орусияга салынган санкцияларды да, Еворпа Биримдиги менен Кытайдын товар ташуусуна коюлган чектөөлөрдү да жергиликтүү саясий маселелерди чечишүчүн пайдаланып жатканы анык" деди Медведев.

Эки премьердин көз карашында, Вашингтондун соода сатыкка киргизген чектөөсү башка тараптардын "протекционисттик" аракеттерин козгоду. "АКШнын мындай саясат менен бир тараптуу чечим кабыл алышы бир нече мамлекет катыша турган соода тармагына зыянын тийгизет" деди Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян.

Орус өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, Бээжин Москванын эң жакын соода өнөктөшүнө айланды. Ал эки тараптын соода жүгүртүүсү быйыл 100 миллиард долларга жетет деп божомолдойт.

XS
SM
MD
LG