Тажикстандын Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта чыккан соттолуучулардын тополоңун басуу учурунда 20дай адам каза тапты, анын экөө түрмө кызматкери. Бул тууралуу “France-Presse” агенттиги кабарлады.
Буга чейин 7-ноябрдан 8-ноябрга оогон түнү Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта болгон тополоңдон 13 киши мерт болгону кабарланып жаткан. Тополоңдун эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Өкмөт расмий маалымат тарата элек.
“Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген кишинин айтымында, тополоң учурунда абакка милициянын атайын күчтөрү киргизилген. Ал тополоңду басууда бир нече адам каза тапканын ырастады. “Каза тапкандар менен жапа чеккендердин саны азырынча так эмес. Мендеги маалымат боюнча түрмөдөн качып чыкмак болгон бир нече адам жарадар болгон. Айрым соттолуучулар абактын аймагынан сыртка чыкканга үлгүргөн” деди “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген адам.
Түндөгү окуяда жабыркаган 29 жаштагы түрмө кызматкери Эхсон Ёкубовдун сөөгү Пастигав айылына жеткирилгенин анын айылдаштары “Азаттыкка” ырасташты.
Окуядан кийин бийлик Тажикстандын бардык аймагында, анын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстан менен байланыштырган чоң жолдордо коопсуздук күчөтүлдү. Хожент шаары жайгашкан Согди облусу Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешет.