Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Польша менен Балтика өлкөлөрүндө НАТОнун машыгуулары башталды


НАТОнун аскердик техникалары.
НАТОнун аскердик техникалары.

Балтика өлкөлөрүндөгү жана Польшанын аймагындагы ири аскердик машыгууларга НАТОнун курамындагы 10 өлкөнүн аскерлери катышууда. Польшанын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, "Анаконда" деп аталган аскердик машыгуу өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң ири аскердик иш-чара болуп эсептелет жана ага 12 миң поляк жоокери тартылган. Ошондой эле НАТОнун беш миң аскери Латвиянын, Литванын жана Эстониянын аймагындагы машыгууларга катышууда. Анын алкагында Балтика деңизинде да аскердик машыгууларды өткөрүү пландалган.

НАТО өзү “Кансыз согуш” аяктагандан берки эң ири деп атаган аскердик машыгуунун Норвегиядагы бөлүгү аяктады. 25-октябрда башталган аскердик иш-чарага 65 кеме, 250 учак жана тик учак, 10 миң аскердик унаа жана 50 миң жоокер тартылган. Орусия да НАТОнун бул машыгуусуна тушташ Норвегиянын жээгине жакын эл аралык сууларда ракеталарын сынай турганын маалымдаган.

Москва 2014-жылы Крымды Украинадан аннексиялап алгандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарап тең аскердик турумдарын чыңдаган. Ошондой эле алар бул аймактарда буга чейин бир нече ирет аскердик машыгууларды да өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG