Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Беларуста "мыйзамсыз маалымат алуу иши" боюнча редакторлорго айып коюлду


Ирина Левшина
Ирина Левшина

Беларус бийликтери "БелТА мамлекеттик агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алуу иши" боюнча БелаПАН агенттигинин башкы редактору Ирина Левшинага жана Tut.by сайтынын редактору Галина Власикке айып койду.

БелаПАН агенттигинин башкы редактору Ирина Левшина 8-ноябрда Тергөө комитетинде үч саатка жакын убакыт болгон. Ага Кылмыш кодексинин "жеке жана кыянат максатта компьютердеги маалыматты мыйзамсыз жол менен алуу" беренеси боюнча айып коюлуп, эч кайда кетпөө бөгөт чарасы тандалган.

Ушундай эле айып жана бөгөт чарасы Tut.by сайтынын редактору Галине Власикке да каралган. Галина Власиктин айтымында, аталган иш боюнча ушул күнгө чейин Tut.by сайтынын редакциясынан алты адамга айып коюлду.

"БелТА мамлекеттик агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алуу иши" боюнча жалпы 18 журналист шектелүүдө. Алар быйыл август айында кармалып, сурак берип чыгышкан.

Журналисттердин суракка алынышынан кийин укук коргоочулар бийликти "президент Александр Лукашенко менен өкмөттү сындаган эркин медианы ооздуктоого аракет кылууда" деп айыпташкан. Бийлик мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Журналисттер "БелТА мамлекеттик агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алуу иши" боюнча айыптуу деп табылса, аларга ири суммадагы айып салынышы мүмкүн же эки жылга чейин камалышат.

XS
SM
MD
LG