Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:01

Таласта республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды


Айтыш.

Республикалык "Айтыш" коомдук фонду билдиргендей, Талас облустук музыкалык драма театрында 8-ноябрда өткөн айтышта баш байгени төкмө акын Амантай Кутманалиев алды.

Биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов менен Абдылда Нуралиев алып, үчүнчү орун Жылдызбек Төраканов менен Кадырбек Бейшеновдун энчисине тийди.

Айтыш залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Анда 5-ноябрда Бишкектеги тандоо турунан өткөн он алты төкмө ат салышты. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG