Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:06

Репрессия курмандыктарына арналган "Эскерүү китеби" даярдалууда


Репрессиядан курман болгондордун сөөгү коюлган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

"Эскерүү китебин" түзүп жаткан илимий топтун жетекчиси Болот Абдрахмановдун маалыматына караганда, анда 1920-жылдан 1953-жылга чейин репрессияга дуушар болгон 20 миң кишинин ысымы бар.

Китептин түзүүчүлөрү КГБнын атайын фондундагы мурда жабылган, репрессияга дуушар болгон 13 миңден ашуун кылмыш иштерин изилдеп чыккандан кийин жазалангандардын саны 20 миңге жакын деген тыянакка келген.

- Алардын арасында эң көбү кыргыздар, орустар, уйгурлар. Ошол учурда Кыргызстанда жашап аткан дунган, корей, поляк – 55 улуттун өкүлдөрүн биз ушул жерден таптык, - деди Абдрахманов.

Буга чейин сталиндик жазалоого кабылгандардын саны болжол менен 40 миңдин тегерегинде экени айтылып келген. Тарыхчылар канча киши жазаланганын так айтуу кыйын экенин белгилешет.

Туура 80 жыл мурун 5-8-ноябрда "эл душманы" деген жалаа менен кыргыз интеллегенциясынын чыгаан өкүлдөрү атылган.

Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баштаган 138 кишинин сөөгү Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылынан табылып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.

Кыргызстанда 8-ноябрь - сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG