Жалал-Абадда кен казып жаткан компанияларды көз каранды эмес экологдор менен кошо текшерип чыкканча алардын ишин токтото туруу зарыл. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева 9-ноябрда президентке, парламент жана өкмөт башчыларына, Башкы прокуратурага кайрылып, ушундай сунуш киргизди.
Үмөталиева Ала-Бука жана Чаткал райондорун кыдырып, абалды өз көзү менен көрүп келгенин, бир гана Чаткалда кен казууга лицензия 101 компанияга берилгенин, аймакта жаратылыш байлыктары талкаланып, миллиарддаган долларлык зыян келтирилип жатканын билдирди. Ал буга тиешелүү мекемелердеги коррупция да себеп болуп жатканын кошумчалады.
Кыргызстан түрдүү кен байлыктарга ээ. Аларды өкмөт өз алдынча иштете албагандыктан чет өлкөлүк инвестор тартылат. Бирок соңку жылдары кен казуучу компания менен жергиликтүү тургундардын ортосунда ар кандай чыр-чатактар чыгып жүрөт. (RK)