Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бишкекте китеп фестивалы өтүп жатат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкекте KitepFest – 2018 аттуу фестиваль өтүп жатат.

Уюштуруучулардын белгилешинче, адабий иш-чара бул жолу Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаада” аталышындагы жомогунун 75 жылдыгына арналган.

Мында ата-энелер балдарды кантип китепке ынак кылуунун жолдорун да үйрөнсө болот. Мындан сырткары катышуучулар ар кайсы кесиптин ээлери өз окуяларын айтып берген “Шыкты издей” аттуу форумга катыша алышат.

Фестивалдын алкагында жаш автор Мирсаид Касымовдун жаңы китебинин бет ачары өтөт. Каалагандар өзүнүн чыгармачылыгы менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Адабий иш-чара К.Баялинов атындагы китепканада өтүп жатат. Фестивалды өткөрүүгө Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, франциялык альянс көмөк көрсөткөн. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG