Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Көчмөндөр оюндарына катышкан ыктыярчылар сыйланды


Көчмөндөр оюндарына 2000ден ашуун ыктыярчы катышып, спортчуларга, туристтер менен көрүүчүлөргө жардам беришкен.
Көчмөндөр оюндарына 2000ден ашуун ыктыярчы катышып, спортчуларга, туристтер менен көрүүчүлөргө жардам беришкен.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө салым кошкон ыктыярчыларды сыйлоо аземине катышты. Ал айрыкча жаштардан турган ыктярдуу топтордун салымы чоң болгонун белгиледи.

“Бул оюндарды даярдоого жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө силердин эмгегиңер зор. Силер чындыгында эле келген коноктордун, туристтердин компасы, жол көрсөткүчү болуп, кыргыз элин дүйнө жүзүнө меймандос, кичи пейил, ар дайым ачык өлкө катары тааныттыңар. Ыктыярчыларсыз бул долбоорду элестетүү кыйын”, – деп билдирди Өмүрбекова.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн. Расмий маалыматка караганда, аны көрүш үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер келген. Оюндарга 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышкан. ​Жалпысынан 2 миңден ашуун ыктыярчы тартылган. Алардын иши боюнча даректүү тасма тартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG