Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Журналисттердин кесиптик этикасын жайылткан флешмоб өтүүдө


Кыргызстанда журналисттердин кесиптик этикасын жайылткан флешмоб өтүп жатат. Аны Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия 7-ноябрь – Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурду. Максаты - кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү жана сөз эркиндигинин сакталышына салым кошуу.

Эстафета форматындагы флешмобдо журналисттер этикалык кодекстин бир беренесин айтып, аны видеого түшүрүп, “Фейсбуктагы” баракчасына коёт жана кезекти башка кесиптешине узатат. Кийинки катышуучу андан ары улантышы керек. Учурда “Фейсбукка” кыргыз жана орус тилдеринде жыйырмага жакын видео тиркелди. Өнөктүк 8-декабрь – Телерадио кызматкерлеринин күнүнө чейин уланмакчы.

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Андан соң үч жолу айрым толуктоолор киргизилген. Документтин юридикалык күчү жок, журналисттер аны жол-жобо катары колдонушат. Мындай кодекс өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик баарында бар.

Аталган кодекстин негизинде Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия иштейт. Аларга журналисттерге нааразы болгон тараптар арыз жазат, комиссия мүчөлөрү ишти сотко жеткирбей чечүүчү орган катары эмгектенишет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG