Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Пакистандык христиан Асия Биби Германияга кетүүнү каалайт


Жакында Жогорку сот тарабынан акталган пакистандык христиан аял Асия Биби Германияга кетүүнү туура көрөт. Бул жөнүндө 11-ноябрда немис гезитинде жарык көргөн комментарийде анын адвокаты Сайфул Малук айтты. Адвокат Биби “үй-бүлөсү менен кошо Германияга бара алса, кубанычта болмок”, - деди. Германиядан тышкары бир нече европалык өлкө аларды кабыл алууга даярдыгын билдиришкен. Басылма ошондой эле немис Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме менен Германия жана Пакистан өкмөттөрү маселени талкуулап жатышканын жазды.

54 жаштагы Асия Биби 2010-жылы пайгамбарга акарат келтирди деп өлүм жазасына өкүм кылынган. 31-октябрда Пакистанын Жогорку соту ал өкүмдү жокко чыгарган чечим кабыл алган, андан соң өлкөдөгү ашынган динчилдер нааразылык акцияларды башташкан. Алар аялдын өкүмүн ишке ашырууну талап кылышууда.

Күнөөсү жоктугун айтып келген Биби 7-ноябрда абактан чыгарылып, Исламабаддагы жашыруун жерге жеткирилген.

XS
SM
MD
LG