Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Пакистан: христиан аялдын иши кайра каралат


Пакистандагы митинг.
Пакистандагы митинг.

Өкмөт Асия Бибинин ишин кайра кароого убада бергенден кийин гана өлкөдөгү ашынган исламчылардын башамаламандыкка чейин жеткен нааразылык жүрүштөрү басаңдады. "Башаламандыктарды уюштурду" деп 150дөй адам камакка алынды.

"Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген” деген негизде тогуз жыл мурда өлүм жазасына кесилип, бирок ушул жылдын 30-октябрында ал өкүмү жокко чыгарылган 54 жаштагы христиан аялдын күйөөсү Батыш мамлекеттерине алардын үй-бүлөсү үчүн баш паанек берүүнү сурап кайрылууга мажбур болду:

- Мен президент Дональд Трамптан, Улуу Британиянын премьер-министринен бизге өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам кылуусун жана баш калка берүүсүн суранам.

Асия Биби.
Асия Биби.

Асия Бибинин күйөөсү Ашик Масих 4-ноябрда тараган видео кайрылуусунда Канаданын лидерине да ушундай эле өтүнүч менен кайрылган. Буга чейин Франция жана башка мамлекеттер Асия Бибиге баш паанек берүүгө даяр экенин билдиришкен эле.

Төрт баланын энеси, 54 жаштагы Асия Биби "Мухаммад пайгамбарга акарат келтирген" деп 2010-жылы өлүм жазасына кесилген. 30-октябрда Пакистандын Жогорку соту аялды актап, мурдагы өлүм жазасы тууралуу өкүмдү жокко чыгаргандан кийин өлкөдө радикал исламчылар ири жүрүштөрдү уюштуруп, ал Карачи жана Лахор шаарларында башаламандык менен коштолду.

Демонтрациялар учурунда “Техрик-е Лабаик” партиясынын лидери Хадим Хуссейн Ризви христиан аялды актаган соттордун көзүн тазалоого да чакырган. Пакистандын премьер-министри Имран Хан көчөгө чыккандарды өлкөнүн душмандары деп баалады:

- Бүгүн мен өз элиме айткым келет: силерди козуткусу келген ал кишилерди укпагыла. Бул исламга кызмат кылуу эмес. Бул - өлкөнү кыйратуу жана эл душмандарынын аракети. Алар элди сотторду өлтүрүүгө, армияны өз жетекчисине каршы көтөрүлүүгө көкүтүп жатышат.

Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда "христиан аялдын сотто акталышы боюнча кескин чакырыктарды таратты" деген динаятчынын "Твиттер" социалдык түйүнүндөгү аккаунту жабылды. Бул тууралуу Пакистан өкмөтү кабарлады. Маалыматка ылайык, “Техрик-е Лабаик” партиясынын башчысы Хадим Хуссейн Ризвинин "Твиттердеги" барагын жабуу тууралуу өтүнүчтү Пакистандын телекоммуникация тармагын тейлеген мекемеси жөнөткөн. "Твиттер" азырынча анын аккаунтунун жабылганы тууралуу маалымат бере элек.

Ал эми Асия Бибини актаган сот чечимине каршы жүрүштөр 2-ноябрда өкмөт Асия Бибинин ишин кайра кароого убада бергенден кийин гана басаңдады. Расмий маалыматтарга ылайык башаламандык учурунда 1,2 миллиард доллардык чыгым келтирилген. Пакистандын полициясынын улук офицери Наяб Хайдердин билдиргени боюнча, өткөн аптадагы окуялардан кийин 150гө чукул адам камакка алынды. Аларга "Ээнбаштык", "Күч колдонуу", "Атайылап өрт коюу" сыяктуу беренелер боюнча айып коюлууда.

“Терик-е Лабаик” партиясынын жактоочурары. Карачи шаары. 2-ноябрь, 2018-жыл.
“Терик-е Лабаик” партиясынын жактоочурары. Карачи шаары. 2-ноябрь, 2018-жыл.

4-ноябрда Карачи шаарында да нааразылык акциялары уланды, бирок алар тынч өттү. “Ислам жамааты” партиясынын Карачи шаарындагы башчысы Хафиз Наамур Рахман өкмөттү "бийлик “Техрик-е Лабаик” партиясынын гана талаптарын угуп, башка элдин оюна көңүл бурган жок" деп сындады:

- 210 миллион эл "Асия Биби өлкөдөн чыгууга тыюу салынган адамдардын тизмесине кирди беле?" деп кызыгып жатат. Асия азыр кайда? Биз ошондой эле бул ишти кайра кароо боюнча өкмөттүн позициясы кандай экенин билгибиз келет. Асиянын арасат иши боюнча чечим кабыл алынмайынча биз көчөдө тура беребиз. Биз өкмөттүн кутумуна алданбайбыз.

Асия Биби азыр кайда кармалып турганы белгисиз. Анын жеке коопсуздугунан улам укук коргоо органдары христиан аялдын турган жерин айтпай жатышат.

Ал арада Асия Бибинин адвокаты Сайфул Малик Нидерландга кетип калганы маалым болду. Анын өзүнүн “Рейтер” агенттигине айтымында, Пакистандан “ызырынган караламан топтон” өзүн жана үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн чыгып кеткен.

Пакистанда "Исламга акарат келтирген" деп айыпталгандар өлүм жазасына тартылат. Айрым учурларда айың кептерге эле таянган адамдар шектүүлөрдү сотсуз ташбараңга алган учурлар кездешет. Дин эркиндиги боюнча эл аралык комиссиянын баяндамасына ылайык, Пакистанда "исламга акарат келтирди" деген айып менен өлүм жазасына кесилген же өмүр бою соттолгон 40тай адам бар. Пакистандын 200 миллионго чукул калкынын 1.6% тарса-христиандар түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG