Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы "Азаттыктын" тасмасы менен ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалар боюнча кинофестиваль 12-ноябрда башталат. Фестиваль “Азаттыктын” кабарчысы Санжар Эралиевдин маркум журналист Алишер Саиповдун элесине арналган "Бейажал өлүмгө он жыл" тасмасы менен ачылат. Уюштуруучу - “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилованын "Азаттык" радиосуна айтканына караганда, фестивалга 20га жакын өлкөдөн 50дөй тасма түшкөн. Калыстар алардын ичинен 25ин тандап алды. 17-ноябрга чейин созулчу фестиваль бул жолу “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураандын алдында өтөт.

Иш-чаранын быйылкы айлампасы БУУнун адам укуктары боюнча "Адамдын ар-намысы үчүн" декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналат.

Аялдардын, экологиялык кооптуу аймактарда жашагандардын, мигранттардын балдарынын жана майыптардын укуктары чагылдырылган даректүү тасмалар Бишкектеги “Манас”, “Ала-Тоо”, “Октябрь” жана “Россия” кинотеатрларында көрсөтүлөт. Алгачкы жолу адам укуктары жана тасмалар тууралуу талкуу лабораториялары иштейт.

Быйыл фестивалдын алкагында биринчи жолу сынактан тышкары “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” аттуу сыйлык тапшырылат. Фестивалда журналист көзү тирүүсүндө тарткан “Башкача жашоо” аттуу тасма да көрсөтүлөт.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы быйыл 12-жолу уюштурулууда. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат. "Азаттык" радиосунун журналисттери даярдаган бир нече фильм бул фестивалга катышып, байге алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG