Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

ЕБ, АКШ жана Украина “ДНР” менен “ЛНРде” өткөн шайлоону тааныбайт


Талапкерлердин бири Денис Пушилиндин баннери.
Талапкерлердин бири Денис Пушилиндин баннери.

Өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияты” деп атап алган аймакта башчыларды жана Элдик кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Маалымат каражаттары жазгандай, “ДНРде” жалпысынан 400дөн, “ЛНРде” 300дөн ашуун добушкана иштеди. Донецктин башчылыгына беш, Луганскта төрт талапкер ат салышты. Эсептөөнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча жикчилдердин азыркы лидерлери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник алдыда келатат. Алар киши колдуу болгон Александр Захарченко менен кызматтан кеткен Игорь Плотницкийдин ордуна келишкен. Шайлоо комиссияларынын маалыматы боюнча, эки аймакта шайлоочулардын 80,1% (“ДНР”) жана 77% (“ЛНР”) катышты.

Киев бул шайлоону мыйзамсыз деп эсептейт. Украинанын прокуратурасы добуш берүүнү уюштургандарга “аймактык бүтүндүккө жана кол тийбестикке зыян келтирүү” боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул берене менен соттолгондор өмүр бою эркинен ажыратылат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги шайлоону юридикалык жактан күчү жок экенин жана аны Украина, эл аралык коомчулук тааныбай турганын билдирди.

Европа Биримдиги жана АКШ да бул шайлоону айыптады. ЕБ Минск келишимине ылайык, Орусиянын жикчилдери көзөмөлдөгөн аймактагы кандай гана шайлоо болбосун Украинанын мыйзамдарына жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун стандарттарына ылайык өтүшү керек экендиги белгилеген. Мындан мурдарак НАТО да бул эки аймактагы добуш берүүнү тааныбай турганын билдирген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы добуш берүү эл аралык мыйзамдардын негизинде жүргөн жана Минск келишимине карама-каршы келбейт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG