Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Майдандын жашоочулары кенге байланыштуу сотко арызданышат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжайдын Майдан айыл аймагынын жашоочулары Бел-Алма көмүр кенин иштеткен компанияга каршы сотко арызданганы жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык кеңештин ишенимдүү өкүлү Сайдикасым Эрмеков билдирди. Арыз даярдалып, бүгүн Кадамжай райондук сотуна тапшырылат. Тургундар кенди иштеткен “Беш-Арча” компаниясынан лицензияны алууну талап кылып жатышат.

- "Кен байлыктар жөнүндө" мыйзамда социалдык пакет деген бар. Анда кен байлыкка жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык шартын өнүктүрүү, жумушка тартуу боюнча иш алып барыш керек. Алар аткарылган жок. Лицензиянын тиркемесинде "100 жумуш ордун түзөбүз, анын 90% жергиликтүү тургундардан болот" дешкен. Биз ошондо "бул аткарылбайт, алдап жатасыңар. Жок дегенде 100 орун түзүп, 60 пайызын айылдан алгыла" дегенбиз. Быйыл соттошуп жүрүп болгону үч кишини жумушка алышты.

Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого уруксат алган “Беш-Арча” ишканасы кенди коррупциялык жолдор, мыйзам бузуу менен казып жатканын айткан жергиликтүү тургундар бир топтон бери нааразылык билдирип келатышат. Бул маселе былтыр Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Кеминде 70 миллион тоннадай көмүр жаткан Бел-Алма кенине байланыштуу былтыр июнда кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү тургандар ага карабай компания мурдагыдай эле иштеп жатканын билдирип жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG