Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Поезд тебелеп кеткен адамдын өлүмү боюнча иликтөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылындагы поезд тебелеп кетип каза болгон адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ишти министрликтин Транспорттук милиция кызматы тергеп жатат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов “Азаттыкка” ырастагандай, окуя 10-ноябрь күнү болгон. Анын айтымында, темир жолго чыгып алган киши поезддин сигналына реакция кылбай койгон. Натыйжада поезд аны уруп кетип, "Тез жардам" кызматы келгиче каза болгон.

Быйыл жыл башынан бери поезд адамды тебелеп кеткен бир нече факт катталган. Былтыр Кыргызстандын темир жолдорунда киши өмүрүн алган 30дан ашык учур катталган. Мунун баарына темир жолдо бараткан жарандар качпай койгону себеп болуп келет. Адистердин айтымында, поезддин тормозун тепкенден кийин поезд 500-800 метрден кийин гана токтойт. (ErN)

XS
SM
MD
LG