Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Финляндия аскердик машыгуудагы GPS кызматынын бузулушун Орусиядан көрөт


Юха Сипиля.
Юха Сипиля.

Финляндиянын премьер-министри Юха Сипиля НАТО күчтөрүнүн "Trident Juncture" аттуу аскердик машыгуу учурундагы эл аралык GPS навигациялык системасынын бузулушуна Орусиянын катышы болушу мүмкүн деп эсептейт.

Юха Сипиля Финляндиянын Yle телеканалындагы маегинде техникалык жактан алганда радиосигналдарды бузуу оңой экенин билдирди. Ал навигациялык түйүндүн бузулушу - "аскердик машыгууга катышкан бардык мамлекеттерге бирдей эскертүү" деди.

Өткөн аптада финляндиялык аскерлер өлкөнүн түндүгүндөгү аймактарда GPS кызматынын бузулганын байкашкан. Анын алдында да Норвегиянын аскерлери системанын токтоп, кайра ишке киргенин маалымдашкан.

Буга чейин фин парламентинин коргонуу комитетинин төрагасы Илка Канерва GPS системасынын бузулушуна алып келген жагдайлар авиация тармагы үчүн кооптуу экенин эскерткен.

НАТО өзү “кансыз согуш” аяктагандан берки эң ири деп баалаган аскердик машыгуунун Норвегиядагы бөлүгүнө 65 кеме, 250 учак жана тик учак, 10 миң аскердик унаа жана 50 миң жоокер тартылган.

Орусия менен чек аралаш Финляндия Түндүк альянска мүчө эмес, бирок уюм менен карым-катнаштарын бекемдеп келатат.

XS
SM
MD
LG