Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кант диабетинин алдын алуу жумалыгы башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бардык аймактарында кант диабетинин алдын алууга жана бул оору менен күрөшүүгө арналган жумалык башталат. Ал ар кандай формадагы акциялар, талкуулар жана спорттук иш-чаралар менен коштолот. Бул ирет жумалык “Кант диабети ар бир үй-бүлөгө тийиштүү” деген ураандын алдында өтөт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 55 миңден ашуун жаран катталган. Алардын 400гө жакыны балдар. Эл аралык диабет федерациясынын божомолунда, 20 жаштан 80 жашка чейинки курактагы адамдардын арасында кант оорусуна кабылгандар дээрлик 6% көбөйөт.

Учурда дүйнө жүзүндө бул дартка кабылгандардын саны 422 миллионго жеткен.

Дарыгерлердин айтымында, бул ооруга кыймылсыз жашоо, ашыкча салмак себеп болуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG