Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:59

Жабык жайлардагы кыйноо тууралуу талкуу болот


Иллюстрациялык сүрөт.

Жабык жайлардагы кыйноо маселеси адам укуктарына арналган даректүү тасмалар боюнча “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын алкагында талкууланат. Анда кыйноого байланыштуу маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору сунушталат.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалы Бишкекте 12-ноябрда расмий ачылды. Анда тогуз лаборатория иштеп, адам укуктары, миграция, жаштар жана экология багытында талкуулар өтүүдө.

Кыргызстанда кыйноо боюнча арыздардын 90% жакыны милиция кызматкерлерине каршы жазылат. Ички иштер министрлиги бул багытта кызматкерлер менен такай иш жүргүзүлүп турарын, өз ишине кыянат мамиле кылгандар кызматтан четтетилерин белгилеп жүрөт.

Жабык жайлардагы кыйноо Кыргызстандагы адам укуктары боюнча негизги мүшкүлдөрдүн бири. 2016-жылы Башкы прокуратурага мындай фактыларга байланыштуу 435 арыз-даттануу келип түшкөн, анын 35ине иш козголуп, сотко өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG