Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Өкмөт башчы: 2019-жылы бардык чыгашалар ички булактан жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы бардык чыгашалар толугу менен ички булактардын эсебинен жабылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде бюджеттин долбоору талкууланып жатканда билдирди. Өкмөт башчы ресурстардын чектелгенине карабастан, бюджеттик саясат аймактарды жана экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга багытталганын айтты.

Ал эми тышкы займдар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырыш үчүн гана тартылат. Мындай аракет тышкы карызды турукташтырууга багытталат, ал эми тышкы жардам ата мекендик экономикалык өсүшкө көмөктөшкөн долбоорлорго жумшалат.

12-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды.

2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом, ал эми чыгашасы 161,7 млрд. сом болору белгиленген. Таңкыстык 10,2 млрд. сомдон ашпашы керек.

Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 2019-жылы 4%, 2020-жылы 4,4%, 2021-жылы 4,2% түзүшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG