Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Комикс каармандарды жараткан Стэн Ли көз жумду


Стэн Ли.
Стэн Ли.

Америкалык жазуучу, актер, бир катар комикс каармандарынын автору Стэн Ли 12-ноябрда Лос-Анжелесте 95 жашында көз жумду. Ал "Marvel Comics" компаниясынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

Стэн Ли Нью-Йоркто Румыниядан келген жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө туулган. Бронск аймагында мектепти бүтүп, 1942-жылдан 1945-жылга чейин армияда кызмат өтөгөн. Бир катар кызматтарда, ар кайсы адистикте иштеген.

Стэн Ли "Marvel Comics" компаниясын 1961-жылы Жек Кирби менен бирге түзгөн. Алар “Фантастикалык төрттүктү” ойлоп таап, кийин "Жөргөмүш-киши", "Акылга сыйбаган Халк", "Икс адамдар", "Кара Кабылан жана өч алуучулар", "Темир киши" сыяктуу ондогон каармандарды жараткан.

XS
SM
MD
LG