Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Москвада издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу аракеттенип, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын (Ж.И.) колго түшүрүштү.

ИИМдин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 31 жаштагы тургуну буга чейин Кыргызстандын аймагында алдамчылык боюнча айыпталып, качып кеткен. Ал автоунааларды бөлүп төлөө шарты менен алып, документтерин жасалма бүтүрүп сатып келген.

Кармалган жаран камакка алынды. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG