“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Иштин материалдары 12-ноябрда Ысык-Көл облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Андан ары прокуратура органдары тарабынан сотко жиберилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
Маалыматка караганда, Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын жооптуу адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Анын негизинде пансионаттын эки өкүлүнө айыбы угузулду.
Пансионаттын айып коюлган жооптуу адамдарынын аты-жөнү азырынча белгисиз.
“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүрүп, мезгилсиз каза болгон.
ИИМ соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Эгизбаев сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
17-августта Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында кылмыш иши козголгон.
Ишти Ысык-Көл райондук милициясы иликтеп, кийинчерээк материалдарды облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берген.
Бүгүн, 13-ноябрда саат 17.00дө “Азаттык Медиа” мекемесинде Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деп аталган китебинин бет ачаары өтөт. Китепте маркумдун эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.