Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

CSIS: Түндүк Кореянын мурда белгисиз ракета жайлары табылды

Түндүк Кореядагы ракеталар жасалган "Санумдоң" борборунун жандоочтон тартылган сүрөтү. 29-июль, 2018-жыл.
Түндүк Кореядагы ракеталар жасалган "Санумдоң" борборунун жандоочтон тартылган сүрөтү. 29-июль, 2018-жыл.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) Түндүк Кореянын өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ылайыкташкан ракеталары катылган 13 жайды тапканын жарыялады. Аталган борбордун изилдөөчүлөрү 12-ноябрда маалымдашкандай, расмий Пхеньян бул базаларды мурда ачык көрсөткөн эмес. Алар жайгашкан жерлер жандоочтон алынган сүрөттөрдү изилдөөнүн жыйынтыгында аныкталган.

"Бул базалардагы ар бир ракета өзөктүк дүрмөттү алып жүрө алат" деп билдирди "The New York Times" гезитине уюмдун изилдөөчүлөрүнүн бири Жозеф Бермудез.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун өкүлдөрү мындай жашыруун жайлардын саны 20га чейин жетиши мүмкүн экенин, бул жагдай Пхеньяндын убадасынан күмөн саноого негиз болорун белгилешти.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын быйыл июнь айындагы жолугушуусунан кийин расмий Пхеньян Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу багытында кызматташууга убада бергени кабарланган.

XS
SM
MD
LG