Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун жетекчисине эскертүү берилди.
Мэриянын бүгүн, 13-ноябрда өткөн коллегиялык жыйынында стадиондун абалы өтө начарлап кеткени айтылды. Мэр стадиондун жетекчиси Алмаз Сулаймановду сынга алды.
Буга чейин стадиондун отургучтары сынып, жолдору бузулуп кеткенин, дааратканалары булганыч экенин жергиликтүү активисттер да айтып келишкен.
Мындан эки-үч жыл мурун стадиондогу жылуулук системасы калыбына келтирилип, жуунчу жайларга ысык суу киргизилген.
Стадиондун жетекчилиги түрдүү спорттук мелдештерден жана концерттерден түшкөн акча ремонтко жетпей жатканын билдирген.
Стадион - мелдеш өткөрүүчү эле эмес, ден соолукту чыңдоо жана спорттун ар кандай түрү боюнча окуу-машыгуу өткөрүүчү комплекс. (MdN)