Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Пакистан "Твиттерден" "жалган" сүрөттөрдү өчүрүүнү өтүндү


Асия Биби.
Асия Биби.

Пакистан өкмөтү жакында Жогорку сот актаган христиан аялдын чет өлкөдө тартылган сүрөттөрүн “жалган” деп мүнөздөп, "Твиттер" жана башка социалдык түйүндөрдөн аларды алып салууга өтүндү.

Исламабад 12-ноябрдагы билдирүүдө Асия Биби ашынган диний топтордун өлтүрүү тууралуу опузасына туш болгондуктан, Пакистандагы коопсуз жерде кала бергенин белгиледи.

Айрым укук коргоо уюмдары өкмөт Бибинин "жалган" деген сүрөттөрүн социалдык тармактардан алдыруу аракети менен социалдык адилеттүүлүктү коргогон активисттерди да бутага алууну көздөп жатканын айтып атышат.

Маалымат министри Фавад Чодри "Биби Рим папасы Франциск менен жолугушуп жатат" деген жалган сүрөт кабатыр кылганын билдирди. Иш жүзүндө эки жыл мурун тартылган ал сүрөттөгү адам Бибинин кызы болчу.

54 жаштагы Асия Биби 2010-жылы "пайгамбарга акарат келтирди" деп өлүм жазасына кесилген. 31-октябрдагы Пакистанын Жогорку сотунунун ал өкүмдү жокко чыгарган чечими өлкөдөгү ашынган динчилдердин нааразылык акцияларына түрткү берген. Алар Бибиге чыгарылган өлүм жазасын ишке ашырууну талап кылышууда.

Күнөөсү жоктугун айтып келген Биби 7-ноябрда абактан чыгарылып, Исламабаддагы жашыруун жерге жеткирилген. (AA/KKs)

XS
SM
MD
LG