Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Бала бакча жана мектеп курулуштары тууралуу "өкмөттүк саат" болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-ноябрдагы жыйынында мектеп, билим берүү мекемелерин куруу боюнча өкмөттүк саат болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүк саат буга чейинки жыйындардын күн тартибине киргизилип, эки ирет жылып калган. Маселени буга чейин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет талкуулаган. Анда быйыл октябрга чейин 35 мектептин, төрт бала бакчанын курулушу бүткөрүлгөнү маалымдалган.

Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Институт учурда Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда турганын, иш жүзүндө кооптуу мектеп имараттары кыйла көп экенин кабарлаган.

Кыргызстанда азыр 2262 мектеп бар. Расмий маалыматка караганда, өлкө 600дөй жаңы мектепке муктаж. (КЕ)

XS
SM
MD
LG