Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Слесарев: Кулматовдун ЖЭБ боюнча айтаар сөзү жок


Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария жана модернизация боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кубанычбек Кулматов менен эч кандай иш жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Тергөө эмнегедир "Кулматов көрсөтмө бербей жатат" деп айтууда. Ал күбө катары көрсөтмө берген, аны кайра кайталай бербейт. Башка айтаар сөзү жок. Ал ошондо эле баарын түшүндүргөн. Айыбы мыйзамсыз угузулган, ошондуктан тергөө менен сүйлөшпөө укугун пайдаланып жатат. Ал актанууга милдеттүү эмес.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган убакта “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган деп айыпталууда.

Билдирүүгө ылайык, "андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясынын 1 млн. долларды аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн кошумча 100 млн. сом акча бөлдүргөн".

Кийин ага “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери боюнча дагы кылмыш иши козголгон.

Учурда Кулматов УКМКнын тергөө абагында. (КЕ)

XS
SM
MD
LG