Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Назарбаев Азияда Жамааттык Коопсуздук Уюмун түзүүнү сунуш кылды


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Азияда Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмун түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал 13-ноябрда «Астана клубдун» пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

- Мындай уюмдун пайда болушу — акыры ишке аша турган нерсе. Казакстандын демилгеси менен өтүп келаткан Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча жыйындар болочоктогу коопсуздук уюмуна негиз болуп бере алат. Учурда ал жыйындарга Азия континентиндеги 30 мамлекет катышып жатат, - деди Назарбаев.

Казак президентинин айтымында, мындан тышкары «Алматыда Евразиядагы коопсуздук боюнча конференция өткөрүү максатка ылайык» болот.

Назарбаевдин пикиринде, Азиядагы Жамааттык Коопсуздук Уюму ЕККУ менен бирге евразиялык субконтинентте коопсуздук зонасын түзө алат.

Казакстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюму (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары саммити өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын толук укуктуу мүчөсү болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG