Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Өкмөт: балдар мектеп менен бала бакчаларга батпай жатат  

Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-ноябрдагы жалпы жыйынында Кыргызстандагы мектеп, бала бакча жетишсиздигин чечүү боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

“Өкмөттүк саатта” билим берүү мекемелеринин тартыштыгын чечүү, жаңы имараттарды куруу тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баяндама жасады.

Анын маалыматына караганда, окуучулар жана алты жашка чейинки балдар мектептер менен бала бакчаларга батпай жатат. Мындан улам жаңы имараттарды куруу зарылдыгы жаралды.

Билим берүү мекемелеринин тартыштыгына ички миграция, мектептер, бала бакчалардын эскиргени, балдардын санынын көбөйүшү себеп болууда.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда 1 млн. 200 миң бала мектепке барат. Мектептерде 384 миң бала ашыкча окуп жатат.

Бала бакчаларда 1 млн. 75 миң бала бар. Анын 40596сы орун жетпегенине карабай кабыл алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG