Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Шадиевдин ордуна Эрмамат Тагаев депутат болду


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 14-ноябрдагы сессиясында "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болгон Эрмамат Тагаев ант берип, расмий ишке киришти. Ал мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин ордуна келди.

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кайда экени белгисиз. Ал азыр укук коргоо органдарынын издөөсүндө.

Башкы прокуратура ага карата алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы негиз болгон.

Бул кылмыш иши козголгондон көп өтпөй Шадиев Кыргызстандан качып кеткени ачыкка чыккан. Анын АКШда экени кабарланып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери менен иш ачылып, айыптар тагылган. Анын мандаты алты айдан кийин гана алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда аны депутаттык мандаттан ажыраткан. (NT)

XS
SM
MD
LG