Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Слесарев: Илмиянов бир да жолу көрсөтмө бере элек


Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур.
Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур.

Мурдагы президенттин кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев кардарына байланыштуу бир да тергөө иштери өтпөгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азырынча Илмиянов эч кандай көрсөтмө да бере элек.

- Азырынча мен эч кандай тергөө аракеттерине катыша элекмин. Тергөө жүрүп жатканы тууралуу мага эч кандай кабар да жөнөтүшкөн эмес. Демек, ал эч кандай көрсөтмө да бере элек, - деди Сергей Слесарев.

Икрамжан Илмиянов учурда УКМКнын тергөө абагында. Атайын кызмат анын адвокатынын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

"Шоопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага карата Башкы прокуратура 28-сентябрда кылмыш ишин козгогон. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Илмиянов "былтыр жеке менчик компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган" деп шек саналып жатат.

УКМК 30-октябрда Илмияновдун тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жарыялаган. Ага чейин коомчулукта Икрамжан Илмиянов "тергөө менен кызматташып, бардык маалыматтарды ачып жатканы" тууралуу кабар тарап, КСДП жана анын адвокаты Сергей Слесарев муну "ушак жана атайын даярдалган чагым" катары баалаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG