Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Макмал алтын кенин иштетүүгө сынак жарыяланды


Макмал кени.
Макмал кени.

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенин иштетүүгө сынак жарыялады. Аталган ишкана тараткан маалыматка караганда, кенди иштетүү үчүн сынакка катышууну каалаган инвесторлордун арызы 14-ноябрдан тартып бир ай бою кабыл алынат.

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Макмалалтын" комбинатынын базасында сынактан жеңген инвестор менен биргелешкен ишкана түзүүнү көздөп жатат. Арыздар келип бүткөндөн кийин мекеме аралык комиссия аны карап, беш жумуш күнүнүн ичинде жеңүүчүнү аныктайт.

Өткөн аптада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү жетекчилерге Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну тапшырган.

Тогуз-Тородогу “Макмалалтын” комбинатынын аймагында кытайлык "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери бир нече жолу митинг өткөрүшкөн.

11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. Окуя боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, бир нече кишиге айып коюлган.

“Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы Тогуз-Тородо алтын иргөөчү фабриканы 2016-жылы кура баштаган. Жергиликтүүлөр аталган компанияга "эл менен эсептешпей жатат" деген доомат коюшкан, фабриканын курулушуна каршы болушкан. Мындан тышкары бийликтен кенди иштетүү боюнча ачык сынак өткөрүүнү талап кылышкан.

Апрелдеги тополоңдон кийин УКМК “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын аймагына "Жи Эл Макмал девелопинг" жоопкерчилиги чектелген коомуна алтын иргөөчү фабрика курууга уруксат берүүдөгү мыйзам бузулган учурлар аныкталганын билдирген.

“Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын иши августтан бери токтоп турат. Өкмөт сентябрда кендин ишин улантуу үчүн инвестор изделип жатканын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG