Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробековага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулуп, ишти кароо Бишкектин Биринчи май райондун сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратура билдирди.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (“Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”) (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 328-беренеси ("Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу") боюнча козголгон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн.
Судья Айнагүл Жоробекова 2017-жылдын 14-сентябрында үч киши каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин кароо учурунда кабыл алган чечими үчүн айыпталууда. Ал ишти кароодо шектүүнү жети жылга кескен айыптоо өкүмүн чыгарып, бирок жазаны аткарууну шарттуу түрүнө которуп, жумшартып салганы көрсөтүлгөн.
Тергөөдө белгиленгендей, сот жараянында жабырлануучу тараптын өкүлдөрү сүйлөп жаткан прокурордун сөзүн бөлүшкөн. Судья эскертүү бергенине карабай, алар сот залынан чыгып кетишкен. Судья Жоробекова жабырлануучу тарапты “сотко сыйлабастык көргөздү” деп айыптап, алардын ар бирине 10 миң сомдон айыппул салган. Бул судьянын ыйгарым укуктарынан аша чабуу болуп саналаары Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн.
Кийин Нарын облустук соту Жоробекованын бул чечимин жокко чыгарган. Натыйжада судья Айнагүл Жоробекованын мыйзамга туура келбеген аракеттеринин натыйжасында төрт жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктары жана укуктары бузулган.
Буга чейин Жоробекованын ишин Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы да карап, судья “соттоого болбой турган жагдай боюнча ыйгарым укугунун чегинен чыгып кеткен” деп тапкан. Комиссиянын пикиринде айыпкерге жумшак жаза чыгарганы аз келгенсип, жабырланган тарапты акчалай айыпка жыгууну көздөп, бир эле учурда тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун ролун өзүнө алган. Бул чечимден кийин Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекованы мөөнөтүнөн мурун кызматынан алган. (ErN)