Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кыргызстанда жылына 2500дөй медициналык адис даярдалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда медициналык жогорку окуу жайларынан жылына 2500гө жакын студенттер бүтүрүп чыгышат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкектеги “Медициналык билим берүүнү реформалоо: маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу жыйында билдирди.

Өмүрбекова ага карабай медициналык адистиктерге студенттерди кабыл алууда суроо-талап эске алынбай жатканын, буга байланыштуу айрым адистиктер боюнча кадрлардын жетишсиздиги байкалса, башка адистиктерде ашыкча болуп жатканын белгиледи.

- Дээрлик бардык ординаторлор шаарда калууну каалашат. Алсак, ординаторлордун 92% Бишкек шаарында, 60% Ош шаарында калат. Ушундан улам түрдүү багыттагы адистиктерди даярдоо боюнча жана практикалык суроо-талаптын ортосунда тең салмак жок болуп жатат. Жыйынтыгында алар жумушка орношо албай калып жатышат, - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова ошондой эле эми “мамлекет саламаттык сактоо тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын” айтты. Ал мындан сырткары үй-бүлөлүк дарыгерлердин макамын жогорулатуу, социалдык шарттарын жакшыртуу, аталган адистиктин жагымдуулугун арттыруу зарыл экенин белгиледи.

Бишкек шаарындагы тегерек үстөлдө клиникалык базалардын жетишсиздиги, лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо маселеси, айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы дарыгерлердин тартыштыгы талкууланды. Диплом алуудан кийинки деңгээлдеги медициналык кадрларды даярдоого бирдиктүү стандарттардын жана талаптардын жоктугу, медик-студенттердин ашыкча саны сыяктуу маселелер ортого салынды.

Кыргызстанда 12 мамлекеттик жана жеке менчик медициналык жогорку окуу жайы жогорку медициналык билим берет. 15 жогорку окуу жайында жана илимий борбордо ординатурада даярдык өткөрүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG