Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

"Коопсуз шаар" долбоору февралга чейин башталууга тийиш


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Орусиялык "Вега" компаниясы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында программалык-жабдуу комплекстерин орнотуу иштерин келишимге кол коюлгандан тартып 90 күн ичинде бүтүрүшү керек. Бул убакыт февралга туура келет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети бул талап эки тараптуу келишимде камтылганын билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору бир нече жылдан бери ишке ашпай турат.

Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни" утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" ишканасы "“Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган" деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, "Вега" компаниясы "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.

1-ноябрда Бишкектин район аралык соту “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG