Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бишкекте жаштар борбору ачылды


Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Жаштар борбору.

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар борбору ишке кирди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекова билдирди.

Жаңы ачылган жаштар борбору жыйын залдары, интерактивдик, компьютердик кабинеттер жана Интернет менен камсыздалган. Аталган борбор жаштардын демилгелерин өз алдынча жүзөгө ашыруу жана алардын маселесин чечүү боюнча иштерди алып барат.

Борбор аталган агенттиктин демилгеси, эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылды. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG