Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Нарын облусу, Жумгал району. Январь, 2018-жыл.
Нарын облусу, Жумгал району. Январь, 2018-жыл.

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Суусамырда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте 15-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG