Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Меркел Европа армиясын түзүү демилгесин колдоду


Ангела Меркел Европа парламентинде сүйлөп жаткан учуру. 13-ноябрь, 2018-жыл.
Ангела Меркел Европа парламентинде сүйлөп жаткан учуру. 13-ноябрь, 2018-жыл.

Германия канцлеринин билдиргенине караганда, НАТО менен жанаша иштей турган Европа армиясы бул континенттин борборлоштурулган коргонуу түзүмү болушу керек.

- Биз башкаларга эч шартсыз таянган мезгил аяктады. Бул бир эле нерсени туюндурат - эгер биз, европалыктар, жамаат катары жашап кеткибиз келсе, өз тагдырыбызды өз колубузга чечкиндүү алышыбыз керек, - деди Меркел 13-ноябрда Европа парламентинде сүйлөгөн учурунда.

Немис канцлеринин айтымында, Европанын бирдиктүү армиясы НАТОго “каршы эмес, ага кошумча” болот.

Меркелдин бул сөзүнө чейин француз президенти Эммануел Макрон Европа армиясын түзүүгө чакырган болчу.

Макрон өзүнчө армия Европаны АКШдан көбүрөөк көз карандысыз кыларын, ошону менен катар континентти Орусия менен Кытайдын агрессия коркунучунан коргой турганын да белгилеген. Бирок Макрондун бул чакырыгын АКШнын президенти Дональд Трамп сынга алган.

Трамп президенттик кызматка келгенден бери НАТОнун Европадагы мүчөлөрүнөн коргонуу бюджетине ички дүң өнүмдүн 2% өлчөмүндө каражат бөлүү боюнча милдеттенмелерин аткарууну талап кылып келатат. (UE)

XS
SM
MD
LG