Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн түнөккана иштей баштады


Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн түнөккананын кире бериши.
Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн түнөккананын кире бериши.

Шаарда багар-көрөрү жок, көчөдө калган адамдар үчүн 13-ноябрдан тартып түнөккана ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу “Камкордук” борборунун жетекчиси Таирбек Чойбеков билдирди.

Башкалка мэрдин буйругуна ылайык, түнөккана суукта көчөдө калган жарандарды бир маал ысык тамак жана башпаанек менен камсыз кылуу максатында кабыл ала баштады.

- Университеттин карамагындагы эски стадиондун кийим алмаштыруу бөлмөлөрүн оңдоодон өткөрүп, башкалка катары ишке салдык. Учурда 15тей киши кечкисин жылуу жайда түнөй баштады, - деди Чойбеков.

Түнөккананы уюштурууга шаар бюджетинен 162 миң сом бөлүнгөн. Ал үй-жайы жокторго бир маал ысык тамак берип, мончого түшүрүп, керектүү буюмдарын сатып берүүгө жумшалат. Түнөккана мэрдин буйругуна ылайык 2019-жылдын март айына чейин тынымсыз иштейт. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG