Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:37

Сариев: Бажы төлөмдөрүн азайтуу Кыргызстанды эски машинелерге толтурат


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байланыштуу парламенттеги талаш-тартыштар туурасында “Фейсбуктагы” баракчасына билдирүү жарыялады.

“Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ортосунда кайчы пикир орун алып, менин атым аталып кетти. Ал эми депутат Сулаймановдун мага карата "чыккынчы" деп айтканы орунсуз сын” деп жазды Темир Сариев. Мындан тышкары ал өзү ушу тапта Германияда жүргөнүн айтып, чакан видеокайрылуусун койду.

Анда экс-премьер “мурдагы Бажы биримдигине, азыркы ЕАЭБге кирүү тарыхый туура чечим болгонун" айтып, "мындан Кыргызстан көп жагынан утканын” билдирет.

- Автоунаалар боюнча биз беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт алганбыз. Ал мөөнөт 2020-жылдын 1-январына чейин иштейт, андан кийин ЕАЭБдин тарифтерине ылайык бажы төлөмдөрүн ала баштайбыз. Ага чейинки мөөнөттү туура пайдаланалы деп, биз тарифти аз-аздан көбөйтүп турууну чечкенбиз. Ал саясаттын максаты эски машинелерге чектөө коюу болчу. Анткени бизде эски машинелер толуп кеткен. Азыр эми өкмөт эски тарифтерге кайтып келгенден кийин “машинелер көбүрөөк кире баштады, бажы төлөмдөрүн көп ала баштадык” деп айтып жатат. “Жарым жылда 158 млн. сом бажы төлөмүн алдык” деп жатат. Мен айтып коеюн, машине болобу, башка буюм болобу, алардын баарына ЕАЭБдин бажы аймагына киргени үчүн бажы төлөмдөрү Москвага топтолот. Анан ошол жерден ар бир мамлекет өз үлүшүн алат. Ошол 158 млн. сомдон биз 1,9 гана үлүшүбүздү алабыз. Эми жарандарыбыз "бажы төлөмү арзандаптыр" деп, эски машинелерди ташып келип алышат. Анан базарыбыз, жолубуз эски машинелерге толуп калат. Натыйжада экологиябыз бузулат, - деди Сариев.

Кыргызстан мурдагы Бажы биримдигине, азыркы Евразия Экономикалык Биримдигине 2015-жылы киргенден кийин сырттан ташылып келген машинелердин бажы төлөмү жыл сайын көтөрүлө баштаган эле.

Быйыл 10-июлда өкмөт жаңы токтом кабыл алып, ташылып келген машинелердин бажы төлөмүн кайра азайткан. Жаңы эрежелер 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

12-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды. Бир катар депутаттар өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге ЕАЭБ, бажы төлөмдөрү жана башка маселелер боюнча суроолорду берип, талаш-тартыш болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG