Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Лейлекте айылдык кеңештин ок тийген төрагасы эки жолу операция болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубаныч Баянов экинчи жолу операция болуп, жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык кеңештин өкүлдөрү билдиришти. Баянов Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканада жатат.

Окуя 5-ноябрда түн ичинде жабырлануучунун үйүнүн алдында болгон. Белгисиз адамдар Арка-2 айылынын 32 жаштагы тургуну Кубаныч Баяновду артынан келип, мергенчилик мылтык менен атышкан. Аткан адамдар изин жашырганга үлгүргөн.

Жарадар болгон жаран коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканасына жаткырылган. Ага барары менен бир сыйра операция жасалган. Абалы орточо оор экени кабарланган.

Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган эле. Милиция иликтөө иштери уланып жатканын кабарлоодо. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG