Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Жээнбеков: Кыргызстанда ислам академиясын түзүш керек


"Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатат. Бишкек, 15-ноябрь, 2018-жыл.
"Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатат. Бишкек, 15-ноябрь, 2018-жыл.

Бишкек шаарында "Ала-Арча" резиденциясында “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу II эл аралык конференция башталды.

Анда сөз алган президент Сооронбай Жээнбеков "диндин коомдун турмушуна тийгизген жакшы жактары көп экенине, бирок исламды жамынгандар динди жаман көрсөтүп жатканына" токтолду.

Ал Кыргызстанда "ички диний ишенимге киришүүгө эч кимдин акысы жок" экенин эске салып, ага карабай "өлкөдө дин саясатын ишке ашыруу зарыл" деп айтты.

"Мамлекеттин диний чөйрөдөгү ролу азыркыдан жогору болушу керек. Келечекте ислам академиясын түзүп, анын ишин мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керек. Ислам институту жана башка окуу жайлар бир системада болушу керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйында Кыргызстан тараптан сырткары Азия, Африка, Европа жана Америка өлкөлөрүнүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү белгилүү эксперттер жана ислам таануучулар катышууда.

Конференцияда мусулман коомунда мамилелерди шайкеш келтирүүнүн жолун табуу, диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун натыйжасын арттыруу маселеси талкууланып жатат. Иш-чаранын максаты -радикализмдин алдын алуу жана экстремисттик көз караштардын таркалышына бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Ушундай эле аталыштагы биринчи эл аралык жыйын былтыр сентябрда өткөн. (NT\ErN)

XS
SM
MD
LG